«Сузак биримдиги» коомдук бирикмеси Сузакта эл аралык деңгээлде спорттук-маданий иш-чараларды өткөрдү

20-майда «Сузак биримдиги» коомдук бирикмеси тарабынан Сузак районунда 650 апага «Энелер күнүн» уюштурду. 

Мындагы майрамга райондогу шаар, айыл-өкмөттөрдүн баарынан энелер чакырылып, белектер берилип, ыр-күүлөрдүн коштоосунда өзгөчө сый тартууланды. 

Иш-чаранын негизги максаты, коомдо эненин орду биринчи тураарын жана энелердин эмгегин даңазалоо болгонун «Сузак биримдиги» КБнын төрагасы Марат Нуралиев билдирди. 

Белгилей кетсек, мындагы иш-чара «Достук-Багыш айыл ынтымагы» коомдук бирикмеси менен «Ак-ниет аманат» коомдук фондунун колдоосу менен уюштурулду. Ошондой эле, кеченин жүрүшүндө «Жаңы муун» коомдук фонду коноко келип, энелердин арасынан эң неберелери көп энени аныктап, 127 неберенин чоң энесине жана эң жашы улуу энени аныктап, 97 жаштагы эки апага өзүнчө сыйлыктарды тапшырды. 

Соңунда энелердин ак батасы менен кече жыйынтыкталып, апаларга атайын чет өлкөдөн алынган жоолуктар салынды.

Жогорудагы иш-чаралар менен кошо жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан спорттук, маданий иш-чараларын быйыл да улантты. 

Тактап айтсак, Советтер Союзунун баатыры Тукубай Тайгараевдин жаркын элесине арналган эркин күрөш боюнча эл аралык турнир, ага Казахстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын баардык облустарынан 900 балбан катышты. Ошондой эле, “Эл ынтымагы” аталышындагы Сузак районунда жайгашкан 107 мектептин арасында кичи футбол жана волейбол боюнча мелдештер уюштурулду. 

Жылдагыдан өзгөчөлөнүп, бул жылы баскетбол боюнча мелдешке Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын командалары катышты. 

Мелдештер жаштарды спортко, жашоонун сергек мүнөзүнө үндөө жана жаштар арасында ынтымакты чыңдоо максатында өткөрүлүп келет.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.