Кыргызстанда ЕАЭБге төрагалык кылуунун алкагында бир катар иш-чаралар өтөт

Кыргызстанда Евразия экономикалык биримдигине төрагалык кылуунун алкагында бир катар иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу маалымат жыйынында Евразия экономикалык комиссиясынын протоколдук жана уюштурууну камсыздоо департаментинин директору Данияр Турусбеков билдирди.
Анын айтымында, булар ЕАЭБ өлкө башчыларынын саммити (болжол менен 2022-жылы августта өтөт) жана ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн жаштар форуму (болжол менен 2022-жылдын төртунчу кварталында өтөт).
“Ошондой эле ЕАЭБдин 10 жылдыгына карата мындан башка дагы иш-чаралар өтөт”, — деп кошумчалады ал.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.