Депутат Абиров: «Электробустарды алууга каралган насыялык каражатка 120 даана транспорт келет»

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында ордо калаанын транспорт паркын заманбап электробустар менен жаңылоо маселеси каралды. Бул багытта маалымат берип, Жогорку Кеңешке №26 Ленин шайлоо округунан депутат, «Ата — Журт Кыргызстан» фракциясынын өкүлү Жаныбек Абиров «Парламент» радиосунда болду.

“Электробустардын артыкчылыктары — анын заманбап үлгүдөгү дизайны гана эмес, анын экологияга зыян келтирбеген техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө да байланыштуу. Ошондуктан, транспорттун бул түрүнө болгон суроо – талаптар улам жогорулап жатат. Кытайдын жол кыймылында электробустардын 15 миңдей эсеби пайдаланылып жаткан болсо, Россияда жаңыдан гана колдонууга кирип, 500дүн тегерегиндеги электробус каттамдарга чыгарылыптыр. Ал эми АКШда бул багыттагы көрсөткүч 700 даана электробуска барабар”, — деди депутат статистикалык маалыматтарга токтолуп.

Электробустарды алууга каралган насыялык каражатка 120 даана транспорт келет.  Анын наркы жакшы эле кымбат. Бирок, анын күйүүчү май жагынан көп чыгым талап кылбаганы жакшы. Эми айтылган билдирүүлөргө караганда, электробустардын октябрь айында келип калышы күтүлүүдө. Алар шаардын борбордук бөлүктөрү менен калктуу конуштарды байланыштыруучу каттамдарга чыгарылат, — дейт депутат.

Ошондой эле эл өкүлү, — “Коомдук транспорттогу жол кире акылары накталай эмес эсептешүүгө өтө турган болсо, адегенде бул этап автобус, троллейбустарда тажрыйбаланат. Ал эми чакан маршруттук бустар азырынча ага даяр эмес”, — деген жагдайга да токтолду

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.