Түркмөнстанда экс-президент Бердымухамедовдун аргымагына эстелик орнотулат

Түркмөнстанда экс-президент Бердымухамедовдун аргымагына эстелик орнотулат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды. 

Маалыматка ылайык, Ахал велаятынын (Түркмөнстандын борбордук аймагы) аймагына Акхандын (Ак хан) тулпары делген   ахалтекенин айкели орнотулат.

Тиешелүү токтомго Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов кол койду.

«Элдин улуттук сыймыгы болгон ахалтеке жылкыларынын даңкын арттыруу максатында Түркмөнстандын президенти Ахал велаятынын хякимлигине (администрациясына) «Звезда спорт» жеке ишканасы менен келишим түзүүгө уруксат берген токтомго кол койду«,-деп айтылат маалыматта. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.