Бишкекте үй товарларын өндүргөн завод ачылды

Бул тиричилик буюмдарын чыгарган Борбор Азиядагы эң ири завод болуп саналат.

Бишкекте үй буюмдарынын толук циклин өндүргөн «Маткасым» заводу ачылып, ишке кирди. Бул тууралуу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, бул тиричилик буюмдарын чыгарган Борбор Азиядагы эң ири завод болуп саналат.

«Ал жакта телевизор антенналары, кир жайгыч, кургаткыч, үтүк такталары, корпустук-металлдык типтеги жана текстиль товарлар өндүрүлүп жасалмакчы. Жаңы ачылган заводдун аянты 2,5 гектар. 150дөй жумушчу иштейт. Завод жылына 10 миллион товар өндүрө алат», — деп айтылат маалыматта.
Завод Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланганы айтылды.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.