Өлүкканага корупциялык схема уюштуруп алган делип Жайыл райондук соттук-медициналык экспертизанын жетекчиси кармалды

Сөөктү өлүкканага кабыл алуу жана каттоо, өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктөрдү берүү жана башка процедуралар боюнча атайын коррупциялык схема уюштуруп алган делип Жайыл райондук соттук-медициналык экспертизанын жетекчиси А.Н.Т. кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматта ал Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси («Пара алуу») боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмштын алкагында кармалганы айтылат.
«Такталгандай, Жайыл райондук соттук-медициналык экспертизанын жетекчиси каза болгон адамдын сөөгүн өлүкканага кабыл алуу жана каттоо, өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктөрдү берүү жана маркумдун сөөгүн ачуудан баш тартуу боюнча атайын коррупциялык схема уюштуруп алганы аныкталды», — деп кабарланган маалыматта.
Кармалган адам УКМК тергөө камак жайына киргизилип, тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.