Кочкордо болгон жол кырсыгында 5 жаштагы кыз каза болду

 Кочкор районунун  жүк ташуучу КамАЗ менен Audi 100 үлгүсүндөгү автоунаалар кагышып, төрт адам каза болду. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
 Окуя 18-майда эртең менен Бишкек–Нарын–Торугарт автожолунун 125-чакырымында (Теңдик айылы) болгон. Кырсыктын кесепетинен 72 жаштагы аял, 23 жаштагы жигит, 13 жана 5 жаштагы кыздар каза болду. Ал эми жаракат алган 23 жана 16 жаштагы жигиттер Тез жардам кызматы аркылуу Кочкор райондук ооруканасына жеткирилген.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.