ВИДЕО-Баткенде сел жүрдү

Бүгүн, 18-майда саат 13:30 чамасында Кадамжай районунда мөндүр аралаш жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон сел суулары түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
«Сел суулары Кадамжай РИИБдин имаратынын жертөлөсүнө жана Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн участкасын каптады. Тазалоо иштерине 6 куткаруучу тартылып, учурда мотопомпа менен сууну тарттыруу иштери жүргүзүлүп жатат. Кошумча маалымат берилет», — деп айтылат маалыматта.