Садыр Жапаров Абу-Дабиге барып БАЭнин жаңы президенти менен жолукту. Сүрөт

Жапаров Мухаммад бин Заед Аль Нахайянды өзүнө ыңгайлуу убакта Кыргызстанга сапар менен келүүгө чакырган.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда, Бириккен Араб Эмирлигине (БАЭ) барып, БАЭнин жаңы президенти Мухаммад бин Заед Аль Нахайан менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда Жапаров Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан БАЭнин жаңы президентине, башкаруучу үй-бүлө мүчөлөрүнө жана Эмирликтин элине БАЭнин мурдагы башчысы шейх Халиф бин Заед Аль Нахайяндын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айткан. Мамлекет башчы шейх Халиф бин Заед Аль Нахайяндын өлкөсүнүн өнүгүүсүнө жана гүлдөшүнө кошкон зор кызматын жана салымын белгилеген. Андан соң Жапаров Мухаммад бин Заед Аль Нахайанды Бириккен Араб Эмирлигинин президенти кызматына кириши менен куттуктаган.
«Садыр Жапаров Мухаммад бин Заед Аль Нахайянды өзүнө ыңгайлуу убакта Кыргызстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды. Өз кезегинде БАЭнин жаңы башчысы иш сапары жана көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөлөр ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айтты. Ал эки мамлекеттин ортосундагы эки тараптуу мамилелер мындан ары да жигердүү өнүгүп, жаңы деңгээлге чыгаарына ишене турганын кошумчалаган. БАЭ башчысы Жапаровдун ишмердүүлүгүнөн кабардар экенин, анын чечкиндүү аракеттерин оң баалай турганын белгилеген», — деп жазылат маалыматта.
Маалымат кызматы Мухаммад бин Заед Аль Нахайян Кыргызстанга сөзсүз иш сапар менен келерин айтканын кошумчалады.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.