Январь-апрелде Кыргызстандын экономикасында реалдуу өсүш 105,4%ды түздү

2022-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары өсүүнүн оң темпин көрсөттү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында экономика министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов билдирди.
Анын айтымында, январь-апрелде ички дүң продукциянын көлөмү 203,0 млрд сомду түзүп, өнүктүрүү ишканаларын эсепке албаганда реалдуу өсүш темпи 105,4%га барабар болду, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,4%га көп. Ал эми Кумтөр кени боюнча өсүү темпи 103,5%ды түздү, өткөн жылы бул көрсөткүч – 101,4%ды түзгөн.
Министрдин биринчи орун басары белгилегендей, экономиканын тармактары боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй болгон: айыл чарбасында өндүрүштүн көлөмү 2,2%га, курулушта – 2,9%га, кызмат көрсөтүүдө – 3,6%га, өнөр жайында – 11,1%га өскөн.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.