Дастан Жумабеков Боо-Терек айылына айдоо жерди сугаруу үчүн насос алып берди

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дастанбек Джумабеков өз каражатына 2 миллион 800 миң сомго Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылына айдоо жерди сугаруу үчүн насос алып берди..
Негизинен Боо-Терек айылынын калкы 6 миң 578 адамды түзөт. Аймактагы жагымдуу аба ырайы жашылча-жемиштерден жакшы түшүм алууга мүмкүндүк бергендиктен, тургундар негизинен жер иштетүү менен алектенет.
Боо-Терек айылынын суу чыгарган насосу бузулуп, айыл тургундарына суу маселеси жаралган. 10-жылдан бери Насостун иштебей калуусунан улам айыл тургундарынын көйгөйүн чечүү үчүн эл өкүлүнө жардам сурап кайрылышкан.Натыйжада эски насос чыгарылып жаңы насос орнотулду, ошондой эле суу түтүгү алмаштырылып, ширетүү иштери жана электр зымдары туташтырылды. 
Айылдын тургундары бул иши үчүн Дастанбек Жумабековго терең ыраазычылыгын билдиришкен.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.