Аба жетпей калган. Жалал-Абадда бир жашар наристе калем саптын капкагын жутуп алып каза болду

An image of baby's foot

Жалал-Абадда бир жашар наристе калем саптын капкагын жутуп алып каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 17-май күнү саат 20:00дөр чамасында Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын балдар бөлүмүнө 102 кызматына маалымат келип түшкөн. Анда Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи шаарчасында бир жаштагы наристе үйүндө калем саптын капкагын ойноп жатып, кокусунан жутуп алып, аба жетпей окуя болгон жерде каза болуп калгандыгы айтылган.

Бул окуя “Кокустук” беренеси менен катталып, текшерүү иштери башталган. Бирок каза болгон наристенин атасы арыз жазуудан жана жансыз денени соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан.

Читайте также: