Эки уул, эки кыз. Ошто 4 эм төрөлдү

Ош шаарында төрт эм төрөлдү. Бул тууралуу Ош облустук энеликти коргоо боюнча координатор Жазгул Жолдошева билдирди.
Жолдошеванын берген маалыматына ылайык, төрт эм 2-майда Ош шаарында жарык дүйнөгө келген, алардын экөө уул, экөө кыз. Төрт эмдин апасы Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын тургуну 32 жаштагы Замирахон Каримова. Наристелер 1 килограмм 200 граммга чейинки салмакта төрөлгөн.
Замирахон буга чейин эки уулду жарык дүйнөгө алып келген.
“Бүгүн ооруканадан чыгат. Ымыркайлардын жана апасынын абалы жакшы”, — деди Жолдошева.