Быйыл Бишкектин көчөлөрүнө 31 жол чырак орнотуу пландалууда

Мэрияда калаа башчынын төрагалыгынын алдында коллегия өтүп, бир катар маселелер талкууланган.

Быйыл Бишкектеги көчөлөргө 31 жол чырак орнотуу пландалууда. Анын 28и транспорт үчүн болсо, үчөө жөө адамдар үчүн коюлат. Бул тууралуу Кайгуул милициясынын Бишкектеги начальнигинин айтымына таянып, мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, бүгүн, 17-майда, калаа башчы Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында мэриянын коллегиясы өткөн.
Анда 2021-2022-жылдагы жылуулук сезонунда жасалган иштердин жыйынтыгы жана кийинки жылуулук сезонго даярдык, коомдук-саясий абалдын курчушуна жол бербөө боюнча чаралар жана жол кыймылы коопсуздугу менен камсыз кылуу маселелери көтөрүлгөн.
Үчүнчү маселе боюнча Кайгуул милициянын Бишкектеги начальниги доклад жасап, 2022-жылы 31 жол чырак орнотуу пландалып жатканын белгилеген. Ал эми Шаардык чарба департаментинин башчысы кийинки жылуулук сезонуна штаттык режимде даярдыктар көрүлүп жатканын айткан.
Калаа башчы жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштери жол кыймылын кыйындатып жатканын айтып, аны эртерээк бүтүрүүнү тапшырган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.