Алар жакпаганынан мууздагам. Англияда жаран үйүнөн каты бар куурчак таап алды

Ливерпуль шаарынын тургуну, 32 жаштагы Жонатан Льюис жаңы үйгө көчүп келгенден кийин оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатып каты бар куурчакты таап алган.  Бул тууралуу Daily Mirror кабарлады.

Ал киши дубалды бузуп жатып тепкичтин астындагы боштукта кичинекей өрүлгөн отургучта отурган үрөй учурган чүпүрөк куурчакты таап алган. . Куурчактын колундагы катта үйдүн  мурунку кожоюндары өлтүрүлгөнү тууралуу жана  куурчактын муну алар «өтө бактылуу» болгондуктан жасаганы айтылган.

«Урматтуу окурман/жаңы үйдүн ээси, мени бошотконуңуз үчүн рахмат! Менин атым Эмили. Бул үйдө менин түпкү кожоюндарым 1961-жылы жашашкан. Мен аларды жактырбайм, ошондуктан аларды өлтүрүүгө аргасыз болгом. Алар ар дайым ырдап, көңүл ачышканы мага жакчу эмес.  Мен аларды мууздап салууну туура көрдүм, сенде да бычак болсо жакшы болмок.  Сен жакшы уктап жатасың деп үмүттөнөм”, — деп жазылган катта.

Льюис бул көрүнүштү олуттуу кабыл албай,  досторунун көндүргөнүнө карабай үйдөн көчпөй койгон. «Катта 1961-жыл деп жазылган, бирок кыймылсыз мүлк агенти ашкана төрт-беш жыл мурун гана курулганын айтты. Менин оюмча, куурчак ошондо катылган, анткени кагаз анча деле эски эмес жана салыштырмалуу жаңы окшойт», — деп түшүндүрдү ал.

Буга чейин АКШнын Иллинойс штатынын тургуну ванна бөлмөсүнүн дубалынан 60 жылдан ашык сакталган McDonald’s тамак-ашын тапканы кабарланган. Ал үч эски кагаз баштык жана жарым бош фри картошкасын таап алган. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.