ВИДЕО-Алымкадыр Бейшеналиев: 2 саат операция жасап, «взятканы» чөнтөккө салып кете берчүмүн

Акыркы учурларда  коомчулуктун назарында ар кандай жорукутары менен сөзгө алынып жүргөн Саламаттыкты сактоо министрлиги Алымкадыр Бейшеналиевдин  орун басары пара менен кармалгандыгы тууралуу маалыматтар чыгууда. Ал ортодо интернет айдыңында министр Бейшеналиевдин мед. айымдарды майрамда куттуктап жатып, өзүнүн пара алгандыгын ачык эле айткан видео таркады. Анда министр:  «35 жыл хирург болуп иштегем. 2 саат операцияны жасап, взятканы чөнтөккө салып алып кете берчүмүн. Байкуш мед.айымдар 24 саат бою ошол бейтапты карачу»,-деген ал.Ошондой эле ал мед.айымдардын иштеген иши оор экенин жана алардын эмгеги бааланыш керектигин кошумчалаган.

Бул видеодогу министрдин сөзүнөн кийин кандай ойдо калса болот… Мурда пара алып жүргөн министр азыр албайт деп ким кепилдик бере алат… Ошол үчүн кол алдындагы жардамчысы да алдыбы… Реформаны кандай жол менен жасап атат… Пара алуу мененби же кандай… Мына ушуга окшогон суроолорго жооптор акырындап өз далилилин берип жаткан жокпу?…

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.