Суусамыр суусуна аккан депутаттын сөөгү 5 күн өтүп табылды

Чүй облусунун Панфилов районунун жергиликтүү кеңешинин депутаты, Бакир Исаковдун сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Издөө иштерине 40 куткаруучу жана беш суучул тартылган. Натыйжада 5 күн өткөн соң бүгүн, 16-майда  маркумдун сөөгү табылган.
Бакир Исаков 11-май күнү дарыядагы аралчада калган жылкысын чыгаруу үчүн сууга ӨКМдин куткаруучусу менен чогуу кайык менен түшүп, оодарылып кеткен. Жээкке чыга албай калган. Аны менен бирге жүргөн куткаруучу сүзүп чыгууга үлгүргөн.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.