Ошто боло турчу Азия биринчилигинде алыш күрөшү менен кошо казак күрөшү да өтөт.

Ошто боло турчу Азия биринчилигине спортчулардын 24 өлкөдөн келүүсү күтүлүүдө. Курама команда ири мелдешке кызуу даярдык көрүп, машыгууларды өткөрүп жатат. Бул тууралуу Шабдан Амиралиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Алыш күрөшү федерациясынын президенти Амиралиевдин айтымында, Азия чемпионатында алыш күрөшү менен кошо казак күрөшү да өтөт.
«21-23-майда Ош шаарында алыш күрөшү боюнча Азия чемпионаты өтөт. 24 өлкөдөн спортчулардын келүүсү күтүлүүдө. Ири мелдешти өткөрүү жоопкерчилиги бизге жүктөлгөндүктөн жогорку деңгээлде даярданып жатабыз. Учурда алыш күрөшүнүн кулачы кеңейип, жакынкы жана алыскы өлкөлөрдө өнүгүү жолуна түштү. Баяман Эркинбаев түптөгөн жолду ийгиликтүү улантып, учурда улуттук спортубуздун эл аралык аренадагы ордун калыптандыруу үчүн аракеттер болууда. Азия чемпионатында алыш күрөшү менен кошо казак күрөшү да өтөт. Андыктан катышуучулардын саны да көп болот», — деди Амиралиев.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.