Москвада ЖККУга мүчө мамлекеттердин саммити өтөт

Бүгүн, 16-майда Москвада Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги саммити өтөт. Ага Кыргызстандан президент Садыр Жапаров баштаган расмий делегация катышат. Бул туурасында анын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жыйында, уюмга мүчө мамлекеттер ЖККУ алкагындагы кызматташтыкты, эл аралык жана аймактык маселелерди, жамааттык коопсуздук системасын жакшыртуу чараларын талкуулашат.

Ошондой эле, мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын жыйынтыгында уюмдун 30 жылдыгына байланыштуу билдирүү кабыл алынат.

Уюм 1992-жылы негизделген. ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.