Мектепке барчу жолду берилип түшүндүрүп берип жаткан окуучу баланын видеосу таркады

Мектепке кантип жетүүнү билбей жатасызбы? Бул бала сизге навигация жана ориентация боюнча мастер-класс көрсөтөт
«Кыскасы, мен баладан мектепке барчу жолду сурадым», -деп жазган Twitter колдонуучусу
Видеодо бала мектепке кантип баруу керек экенин кеңири айтып берген. Бала ушунчалык аракет жасап түшүндүрө баштаганда ал видеого тарта баштаган.
Бул көрүнүш кайсы айылда тартылганын видеонун автору жазган эмес.