Кыргыз-түрк ооруканасынын директорунун мурунку орун басары Бейшеналиевке пара бергенин айтты

Кыргыз-түрк ооруканасынын директорунун мурдагы орун басары Рахман Ажыкулов саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге пара бергенин бүгүн,  16-майдагы маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ага Кыргызстандан кыргыз-түрк ооруканасынын директорунун орун басары кызматын сунушташкан.

«Акыркы 20 жылдан бери Казакстанда иштейм. Мен докторлук диссертациямды жактадым. Былтыр Бишкекке келдим, Саламаттыкты сактоо министрлигине бардым, башкармалыктын жетекчиси ушул жерде иштейли, тажрыйба бөлүшөм деп сунуштады. Ал Бишкекте жаңы оорукана, кыргыз-түрк ооруканасы бар экенин, көптөн бери ачылбай жатканын айтты. 4 ай иштедим, анан кадр ротациясы болду. Министр Кыргызстанда Казакстандагыдай эмес, ээлеген кызматыңыз үчүн акча беришиңиз керек экенин айтты. Мен макул болдум. Балдарымдын Кыргызстанда жашашын каалачумун», — деди Ажыкулов.

Ал Бейшеналиев андан 10 миң доллар сураганын, бирок бир аз убакыттан кийин аны жумуштан кетиришкенин билдирген.

Ажыкулов министрдин үстүнөн укук коргоо органдарына арыз жазды, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.