Германия Кыргызстандын карызын кечээри айтылды

Кыргызстандын 14 миллион 900 миң евро карызын Германия кечет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов маалымдады.

Эл өкүлү Германия карызын атайын талап менен кечип жатканын белгиледи. Талапта Кыргызстан аталган сумманы эки жылдын аралыгында кирешеси аз Кыргыз жарандарына насыяга бериши керек болот.

“Финансы министрлиги ар 8 ай сайын 5 миллионго чукул евро Мамлекеттик ипотекалык компанияга которушу керек. МИК ал акчаны ипотекага бөлүп, өз пайызын алып турат. Ипотека Ош жана Бишкек шаарында жашабаган жарандарга берилет”, — дейт Бекешев.

Ошондой эле, депутат аталган маселе бүгүн Жогорку Кеңештин комитетинде караларын кошумчалаган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.