Алымкадыр Бейшеналиевдин орун басарлары президенттен министрди кызматтан алууну суранышты

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин орун басарлары бүгүн, 16-майда маалымат жыйын өткөрүп, президент Садыр Жапаровго, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылуу жасашты. Анда алар Улук-Бек Бектурганов, Жалалидин Рахматуллаев жана Жапаркул Ташиев министрди кызматтан кетирүүнү суранышты.
Орун басарлар акыркы күндөрү Алымкадыр Бейшеналиев туурасында жагымсыз маалыматтар тарап жаткандыгын жана министр кызматкерлерди коркутуп-үркүткөнүн белгилешти.
Маалымат жыйынга саламаттыкты сактоо башкармалыктарынын өкүлдөрү да катышты.