Темирлан Ормуков: Алымкадыр Бейшеналиевдики реформа эмес кызыкчылыктардын кагылышы

Саламаттык министри А.Бейшеналиев кызматтан кетет экен деп айрымдар “кетпеңиз, сиз кетсеңиз саламаттыкты сактоо тармагында реформа жүрбөй калат”-дешип суранып жазган постторду чыгарышыптыр. Ооой сары-санаа болбогула эч кандай деле реформа башынан эле жок болчу. Алымкадыр акебиздин буга чейин дүңгүрөтүп-даңгыратып күрөшүп жаткан Жумабеков менен исманкулов жөн гана коммерциалык кызыкчылыктардын кагылышы болчууу. Албетте Жумабеков менен Исманкулов кан соргучтар, бирок Алымкадыр акебиз башка максатты көздөп бул экөөнү талкалап кирген. Чындап күрөшкөн министр ар бир ооруканадагы бөлүм башчы, главврачтардын коммерциялык багыттагы аптекаларын, УЗИ, ренгендерин жана башка чоң бөлүмдөрүн жаптырат эле дааа…

Алымкадыр акенин кетем деп жаткан себеби башкада… Башынан даярдалган реформа жок болгондуктан, эми коомчулук реформаны талап кылаарда акырын жылып кете берейин деп шылтоо таппай турат… Азыр кетип калып кийин бакылдап: “мен реформа кылмакмын, мени кетирип салышпадыбы, болбосо кыйратмакмын”-деп чыкканга камданып жүрөт. 

Өткөндө бул министр менен эки ооз гана сүйлөшүп, сырты жалтырак ичи жулик неме экенин баамдадым. Так, что кетем десе скатертью дорога деп кетире бериш керек…

Ал эми тиги хайп кылып жетим кыздарга мектеп ачыптыр, кайрымдуулук кылыптыр, сонун киши экен деп көкөлөтпөй тургула… Медалдын эки бети болот, ошол сыңары бул медалдын аркы бети кандай экенин жоромолдобой эле коёлу… Мезгил өзү көрсөтөөр… Орустар айтмакчы “бесплатный сыр только в мышеловке бывает… Бул кишинин айкөлдүгүнө ишене албайм…

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.