«Жалал-Абад Тазалык» ишканасына жаңы таштанды жыйноочу унаа тапшырылды

«Жалал-Абад Тазалык» муниципалдык мекемесине жаңы таштанды жыйноочу унаа тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, GAZonNEXT үлгүсүндөгү таштанды жыйноочу унаанын ачкычын бүгүн, 13-майда шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев тапшырды.

Калаа башчысы заманбап техникалар тазалык кызматкерлеринин жумушун жеңилдетип, шаардын тазалыгын камсыздоого мүмкүнчүлүк түзөрүн белгилеп, күн-түн дебей шаар тазалыгына кам көргөн жумушчулардын эмгек акысын жогорулатуу боюнча аракет көрүлүп жатканын билдирди.

Аталган унаа «Жалал-Абад Тазалык» мекемесинин өз каражатына, тагыраагы, атайын эсептеги үнөмдөлгөн 3 млн 685 миң сом акча каражатына сатып алынган.

Белгилей кетсек, «Жалал-Абад Тазалык» мекемесине жакында эле облустук өнүктүрүү фонду тарабынан 3 унаа сатып алынган. Ал эми алдыда «Жаратылышты өнүктүрүү» фонду тарабынан дагы 4 таштанды жыйноочу унаа келери күтүлүүдө.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.