Ысык-Көлдүн жээгиндеги тосмолор алынат. Жапаровдун Жарлыгы

2022-жылдын 1-июлунан тартып Ысык-Көл облусунун жергиликтүү тургундары көл жээгиндеги каалаган пляжга кирүү укугуна ээ болот. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
«Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдөгү көптөгөн курорттук-рекреациялык объектилер (санаторийлер, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, коттедждик конуштар) тосмолорду орнотуп, калктуу конуштардын тургундарын пляжга киргизбей жатат. Буга аймакта жайгашкан калктуу конуштардын тургундары нааразы болууда», — деп жазылган маалыматта.

Жарлыкта санаторийлер, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, коттедждер ар кандай тосмолорду орнотуу аркылуу калктуу конуштардын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун чектеп жатканы айтылат.

Мындай иштерди жөнгө салуу жоопкерчилиги президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, райондук администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына, Балыкчы, Каракол, Чолпон-Ата шаарларынын мэрлерине, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын начальнигине жүктөлгөнү айтылды.

Эске салсак, Ысык-Көл облусунда пансионаттардын күзөтчүлөрү менен жергиликтүүлөр ортосунда чатак чыгып, тосмолор талкаланган учурлар көп катталган. Жергиликтүү тургундар көлдүн жээгине ээн-эркин кире албай калганына даттанган учурлар арбын.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.