ТИМ: Орусияда соттолуп жаткан кыргызстандык келиндин иши министрликтин көзөмөлүндө

Орусияда ири өлчөмдө акча уурдоого шек саналып, соттолуп жаткан кыргызстандык келиндин иши Кыргызстандын Новосибирскидеги Башкы консулдугунун көзөмөлүндө экенин Тышкы иштер министрлиги  бүгүн 13-майда билдирди. КР ТИМ дин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, келин кармалган күндөн тартып ага консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүүдө.

Иш министрликтин көзөмөлүндө экени, келинди үй камагына чыгаруу тууралуу эки жолу өтүнүч келтирилгени, анын туугандары жана жактоочусу менен жолугушуулар өткөрүлүп турары белгиленди.

Бирок ТИМдин бул маалыматын келинге акысыз адвокаттык жардам берип жаткан теги кыргызстандык, Уфада жашаган Абдилазиз Бадалбаев четке кагууда. 13-майда “Азаттыктын” журналистери  адвокат менен байланышканда ал консулдуктан эч ким байланышка чыкпаганын айтты.

Эске салсак, кыргызстандык Айнагүл Борбиева “Жети миллион рубль уурдап алган” деген шек менен Новосибирск шаарында 2021-жылдын ноябрында кармалган. Ошондон бери убактылуу тергөө абагында жатат. (RK)

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.