Кыргызстанга табигый кырсыктарды алдын алуу үчүн Түшүк Корея 5 млн. доллар берет

Түштүк Корея Кыргызстанга климаттык өзгөрүүлөрдү жана жаратылыш кырсыктарын алдын алууга 5 миллион АКШ долларын грант түрүндө берет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Бул маалымат, 12-майда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова менен Түштүк Кореянын климат жана айлана-чөйрө боюнча эл аралык комитетинин президентти Вон Тэ Юндун  жолугушуусунда айтылган.

Жолугушууда KOICA линиясы аркылуу бериле турган «Кыргызстанда климаттык кризиске чара көрүү жана потенциалын башкаруу системасын түзүү» долбоорун талкуулашкан.

Кыргызстанда табигый кырсыктардын алдын алуу, климаттык кризиске чара көрүү жаатында аракеттер, тиешелүү жабдыктар жетишсиз экени айтылып келет.

Ошондой эле, бул жолугушууда Бишкектеги абанын булганышы боюнча да маселе көтөрүлгөн.

Эске салсак, Кыргызстанда бир нече жолу адам өлүмү менен коштолгон табигый кырсыктары катталган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.