Өкмөт тез жардам автоунааларын сатып алууга 169,3 млн. сом бөлдү

Өкмөт Саламаттык сактоо министрлигине тез жардам автоунааларын сатып алууга бюджеттин эсебинен 169,3 миллион сом бөлүнгөнүн кабарлады.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Ошондой эле, өкмөттүн маалымат кызматы тез жардам автоунаасын сатып алууга бөлүнгөн каражат «Коопсуз шаар» долбоору боюнча айып пулдардан топтолгон акча экенин билдирди.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.