Эрбол Султанбаев: Көрсө, Ширшовго иш козголгон экен

Президентин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Дастан» корпорациясынын мурдагы директору, Максим Бакиевдин өнөктөшү катары таанылган Алексей Ширшовго карата козголгон кылмыш иши боюнча маалымат берди.

Фейсбуктагы билдирүүсүндө: «Президент Садыр Жапаров Ширшов боюнча маалымат бергенден кийин Азимбек Бекназаров: «Мамлекет башчысын кимдир бирөөлөр адаштырып жатат», — деген пикирин билдирген. Жыйынтыгында Президенттин да, Азимбек Бекназаровдун да айткандары туура болуп чыкты. Көрсө, Ширшовго козголгон иштер болгон экен. Бирок 2015-2019-жылдары айып пул төлөп, акталып чыгыптыр. Бул боюнча төмөндөгү маалыматтардан көрүүгө болот. 2021-жылы эч кандай издөөдө болгон эмес жана башка кылмыш иштери козголбоптур. Ошол үчүн Президент кабыл алган», — деди ал

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.