Душанбеде КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтүп жатат

Душанбе шаарына  Жээнбек Кулубаев КМШнын тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Отурумдун жүрүшүндө эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелерди талкуулоо, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жана мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйындарына сунушталган чечимдерди кароо пландалууда.
Маалым болгондой, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Жээнбек Кулубаев коңшу өкөгө барган. Ал бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.