Түндүк Кореяда коронавирус илдети жайылууда

Түндүк Кореяда коронавирус илдети тездик менен жайылууда. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылат.

Маалыматка караганда, апрель айынын аягынан бери 350 миң адамга илдет жуккан. Алардын 162 миңи дарылануудан өтсө, 6 адам каза болгон.

«Кечее, 12-майда өлкө боюнча 18миң адамдан илдет аныкталган, ошол эле учурда 187 миң адам карантинге алынып, дарылануудан өтүүдө», — деп билдиришкен Түндүк Кореянын борбордук телеграфтык агенттигинен.

Белгилей кетсек, 12-майда Эмгек партиясынын кезексиз отуруму өтүп, ага мамлекет башчысы Ким Чен Ын катышканы жана өлкөдө 2 жылдан бери алгачкы жолу илдет аныкталганы жазылган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.