Ашхабад шаарында Талант Мамытов Түкмөнстандын президенти менен жолукту

12-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы алакаларды арттыруу, парламенттик байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланган.

Ал эми, Талант Мамытов Сердар Бердымухамедовду боордош Түкмөнстан мамлекетинин президенти болуп шайланышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле, төрага Мамытов өз сөзүндө: «Кыргызстан мамлекеттер аралык калыптанган байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө кызыктар. Айрыкча, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө менен энергетика жана айыл чарба жаатында кызматташуу артыкчылыкка ээ. Ошондой эле парламенттер аралык диалогду кеңейтүүбүз кажет», — деди.

Муну менен катар Талант Мамытов Түркмөнстандын президентин Кыргызстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде түркмөн президенти биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу жаатындагы пикири менен бөлүшүп:»Кыргызстан менен ар тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүүнү көздөйбүз», — деди. Муну менен катар кыргыз элине жана президент Садыр Жапаровго салам жолдоду.

Эске салсак, төрага баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Ашхабад шаарында уюштурулган Борбор Азия мамлекеттеринин жана Россия Федерациясынын парламенттер аралык алгачкы форумуна катышууда.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.