Алымкадыр Бейшеналиев: 300 жеке менчик клиника жабылат

Кыргызстандагы 300 жеке менчик клиниканы жабуу пландалып жатат. Бул тууралуу «AKИpress» агенттигине Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Бейшеналиев:»Текшерүү көпчүлүк жеке менчик клиникалардын лицензиясы, сертификаты жок экенин көрсөттү. Тиешелүү материалдар укук коргоо органдарына берилди», — деди.
Министрдин айтымында, Саламаттык сактоо министрлигинде комиссия түзүлгөн, ал комиссия жеке менчик клиникалардын ишмердүүлүгүн текшерген.