ВИДЕО- Лебединовка айылында гипермаркет эмнеге курчоого алынгандыгы айтылды

2022-жылдын 11-май күнү саат 21:20 чамасында Аламүдүн РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Лебединовка айылында жайгашкан гипермаркеттердин бирине шектүү кара сумка таштап кеткен жаран тууралуу билдирүү түшкөн. бул тууралуу Чүй облусунун ИИББнын Басма сөз кызматы  билдирди.

Алынган маалымат боюнча, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу, Чүй ОИИБнин жана Аламүдүн РИИБнин жетекчилиги дароо жөнөтүлгөн. Мындан тышкары окуя болгон жерге КР УКМКнын кызматкерлери да тартылган. Жарандардын коопсуздугу үчүн аймактын периметрин курчоого алган Аламүдүн РИИБдин жалпы өздүк курамын көтөрүү зарыл болгон.
«Андан соң тиешелүү чаралар көрүлгөндөн кийин аталган баштыктын ичинде адамдын жеке буюмдары гана бар экени аныкталган.
Бардык жагдайлар такталууда«,-деп айтылат маалыматта. 

Читайте также: