Сентябрдан тарта мугаимдердин айлыгы азаябы? Министрлик жооп берди

Сентябрь айында мугалимдер көбөйтүлгөн маяналарын алууну уланта турганын Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди. 

Маалыматка ылайык, сентябрда мугалимдердин айлыгы азайтылат деген маалымат чындыкка дал келбейт.

«Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, билим берүүнүн бардык тармактарындагы кызматкерлердин айлыгы 50 пайыздан 80 пайызга чейин жогорулатылган. Ошондой эле педагогдордун эмгегине акы төлөө шарттарына өзгөртүүлөрдү киргизилип, мугалимдердин эмгек акысын ставка боюнча төлөөгө өткөрүлгөн.

Ошону менен бирге, тарифтик ставка (эмгек акы) минималдуу базалык ставканын өлчөмүн көптүк коэфицентке көбөйтүү жолу менен эмгек акыга жана ставкаларга эсептелет.

Буга байланыштуу 1-сентябрдан тарта мугалимдер көбөйтүлгөн эмгек акылары сакталат» — деп жазылат министрликтин маалыматында.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.