Кыргызстанга 80 видеоларингоскоп аппараты сатып алынды

Долбоордун максаты — COVID-19га каршы турууга даярдык жана ооруну алдын алуу.

«COVID-19га чукул чара көрүү» долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен 80 даана видеоларингоскоп аппараты сатып алынып, Кыргызстандын ооруканаларына таратылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.
«Жаңы жабдуулар медиктерге COVID-19 менен ооруп сакайгандарды калыбына келтирүү учурунда жардам берет. Ошондой эле трахеялык интубациянын жыйынтыгын жакшыртат», — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, ал аппараттардын жардамы менен кулак-мурун жана кекиртекти деталдуу карап чыгууга, жөнөкөй хирургиялык процедураларды аткарууга мүмкүнчүлүк болот.
Долбоордун максаты — COVID-19га каршы турууга даярдык жана ооруну алдын алуу.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.