Индияда ата-энеси уулун балалуу болбой жаткандыгы үчүн сотко берди

Индияда улгайган жубайлар уулу менен келинин бир жылдын ичинде балалуу болбосо компенсация төлөп берүү талабы менен сотко берди. Бул тууралуу Deutsche Welle басылмасы жазды. 

Аталган басылманын маалыматына караганда,  улгайган жубайлар Санджив жаны Садхана Прасад  Индиянын Уттаракханд штатындагы Харидвар шаардык сотуна арыз менен кайрылышкан. Алар келини менен уулу бир жылдын ичинде балалуу болбосо, 50 миллион рупий (53 жарым миллион сом) өлчөмүндө компенсация талап кылышкан.

«Биздин уулубуздун үйлөнгөнүнө алты жыл болду. Бирок алар дагы эле балалуу болууну пландабай жатышат. Биз неберебиз менен убакыт өткөргүбүз келет.  Ошондой эле финансылык жактан да кыйналабыз. Балдарыбызды бардык жактан каржылаганбыз. Эми алар ата-энесин багууга милдетүү. «, — деген улгайган жубайлар.

Жубайлар талап кылган компенсацияга беш жылдыздуу мейманканада үйлөнүү үлпөтүн өткөрүүгө кеткен чыгымдар, баасы 6 миллион рупийден ашкан кымбат баалуу унаа, ошондой эле жубайлардын Таиланддагы бал айынын акысы кирет.

Ошондой эле алар келини жумушунан бошобосо небересин багууга даяр экендигин кошумчалашкан. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.