Түндүк-Түштүк альтернативдүү жол убактылуу жабылат

Бүгүн 11-майдан тартып Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун Жумгалдын Арал айылынан Тогуз-Торонун Казарман айылына чейинки тилкеси бир жумага убактылуу жабылат. Маалыматка ылайык, транспорт жана коммуникация министрлигинин мындай чечими 195–291-чакырымдар аралыгында сел жүрүп, таш түшүү коркунучу жаралып жатканына байланыштуу кабыл алынды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 14-майга чейин тоолуу аймактарда жаан-чачын көп болорун эскертүүдө.
Түндүк-Түштүк альтернативдүү автоунаа жолунан таш кулап, жол жүрүү өтө кооптуу болуп жатканы тууралуу маселе 21-апрелде Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Таабалды Тиллаев жол шашылыш салынгандыктан кооптуу жерлер бар экенин айткан.