Садыр Жапаров: Бир үй-бүлөнү тыңгылыктуу бага албаган анча-мынча акылдуулар акыл үйрөтпөй эле койсо..

“Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов тууралуу пикирин президент Садыр Жапаров фейсбук баракчасына жазды. Анда ал ага акыл үйрөткөндөргө да кайрылды. 

 » “Оппозиция эмне дейт, НПОчулар эмне дейт?” деп кылчактап олтурбайбыз, алдыга жыла беребиз. Бир үй-бүлөнү тыңгылыктуу бага албаган анча-мынча акылдуулар акыл үйрөтпөй эле койсо.
Ал эми “кийинчерээк Максим Бакиев да келет” деп ач айкырык салып жаткандарга көңүл бурбагыла. Максим Бакиевди “башыңан ылдый алтын куябыз” деп чакырсаңар да келбейт, ал анчалык акылсыз эмес»,-деп жазган президент. 

Читайте также: