Президенттин басма сөз катчысы депутаттарга кайрылуу жасады

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев фейсбук баракчасы аркылуу депутаттарга кайрылды: 
«Урматтуу депутаттар!
Коңшу мамлекеттерге жана эл аралык мамилелер боюнча сын-пикир айтаарда этият болсонуздар, сураныч!
Депутат — бул саясий кызмат. Ар бир айткан сөзүңүздөргө эл аралык майданда маани берилет жана ага карата реакция да болушу мүмкүн.
Кудайга шугур, бүгүнкү күндө бардык мамлекеттер, анын ичинде коңшулар менен дагы жакшынакай кызматташып келүүдөбүз. Албетте, айрым жагдайлар бар, бирок негизинен жаман эмес. Бардык көйгөйлөрдү эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алып, сүйлөшүү жолу менен чечип жатабыз»,-деп жазган Султанбаев. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.