Осмонов «Достук» аркылуу өткөндөрдөн акча талап кылып жаткандыгын айтты

Бүгүн 11-майда жалпы жыйында депутат Айбек Осмонов кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” бекетинен өткөндөрдөн мыйзамсыз акча талап кылынып жатканын айтып чыкты. Ал парламент төрагасына кайрылып, маселеге көңүл буруу үчүн бажы жана чек ара мекемелерине тийиштүү тапшырма берүүнү өтүндү:
«“Достук” бекетинен Өзбекстанга өткөн элдерибиз абдан кыйналып жатыптыр. Анткени экиге бөлүнүп калыптыр – акча берип өткөндөргө өзүнчө, акча бербегендерге өзүнчө пост бар экен. Бул эмне деген нерсе? Ошого протоколдук тапшырма берип койсоңуз бажычыларга жана чек арачыларга. Мындай болбойт да. Бүт соода-сатык жана мамилелешкен Өзбекстан менен чек арада бул чоң көйгөй болуп жатыптыр”.
Өзбек тарапка өтүүдө чек ара бекеттеринен, айрыкча “Достуктан” акча төлөөгө мажбур экенин айткандар буга чейин да болгон.