Дүйнөдө абанын температурасы рекорддук деңгээлде жогорулайт

Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун (WMO) эксперттери дүйнөдө климаттык таасирлер кооптуу боло турган чекке жакындап калганын эскертишти. Мындай маалымат Бириккен улуттар уюмунун расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, келерки беш жылдын ичинде глобалдык орточо жылдык температура 1,5 градуска жогору болушу мүмкүн жана бул убакыттын өтүшү менен абанын температурасы өзгөрөрүн кабарлашты.

Мындан тышкары эксперттер 2022-2026-жылдар аралыгында жок дегенде бир жаңы рекорддук ысык жыл катталаарын божомолдошууда.

«1,5 градус жөнөкөй статистика эмес. Бул тескерисинче климаттын таасири адамдар жана бүткүл планета үчүн барган сайын кооптуу боло баштаган учурдун көрсөткүчү», — деген Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун башкы катчысы Петтери Таалас. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.