Баткен облусунда аткезчиликке каршы иш аракеттер ыкчам жүргүзүлүүдө

КР Улуттук (экономикалык) коопсуздукту камсыз кылуу максатында, «КР Мамлекеттик чек ара жөнүндө» КР Мыйзамынынын 13-беренесине, «КР Өкмөтү жөнүндө» КР Конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Баткен облусунун аймагында көзөмөлдөп өткөрүүчү атайын жайлар түзүлгөн.

Бүгүнкү күндө облустун бардык аймактарында аткезчиликке каршы иш аракеттер ыкчам жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары аткезчиликке каршы күрөшүү иштерин күчөтүлгөн тартипте алып баруу, алдын алуу боюнча атайын рейддерди жүргүзүү, аткезчилик орун алышы мүмкүн болгон чек аралаш аймактарда көзөмөлдү күчөтүү, аткезчилик менен алектенген жарандарды жана аларга көмөктөшкөн жарандарды аныктоо менен, мыйзамдуу иштөө боюнча түшүңдүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери (2022-жылдын 10-майына карата) Баткен облустук Бажы кызматы тарабынан аткезчилик жана бажы эрежелерин бузган 125 аткезчилик фактысы аныкталып, жалпы суммасы 32 500 000 сом болуп, келтирилген зыяндар мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн.

Социалдык тармакта 2022-жылдын 11-май күнү чыккан Лейлек районунун «Кольцо» көзөмөлдөп өткөрмө жайынын мыйзамсыз иштеп жатканы жана ишкерлердин акча талап кылынып жатканы боюнча маалымат чындыкка дал келбейт. Эгерде аталган факты боюнча далил болсо, тез аранын ичинде бизге кайрылыңыздар.

Аталган факты боюнча тийиштүү органдарга тапшырылып, мыйзамдын чегинде чара көрүлөт.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.