32 адам жабыркады. Сүлүктүдө массалык уулануу катталды

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 8-майда өткөн кыз узатуу тоюнда тамак-аштан массалык уулануу болду. Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти кабарлады.Жалпысынан тойго 180 адам катышкан алардын 32си ууланып, медициналык жардам сурап кайрылган. 11 адам Сүлүктү шаарындагы оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланып жатса, 21 адам үйүнөн дарыланууга жөнөтүлгөн. Жабырлануучулардын абалы орточо оор.

Уулануу боюнча иликтөө жүрүп жатат. Той өткөн кафеге санитардык-гигиеналык бузуулар боюнча 15 миң сом айып пул салынган.

Беш күн мурда Бишкектеги «Эл эмне жейт» тез татым түйүнүндө 11 киши шаурмага ууланса. 1-майда Кара-суудагы «Сахобат» цехинде даярдалган таттуу токочтон 30 дан ашуун адам ууланган. Санэпидкөзөмөлдүн адистери жеринде териштирүү жүргүзүп, «Эл эмне жейт» тамактануучу  жайына жана таттуу токочторду чыгаруучу цехине айып пул салынган

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.