Унаа тыгынын азайтуу максатында Бишкек мэриясы кээ бир жолдорду кеңейтет – тизмеси

Унаа тыгындарын азайтуу максатында Бишкек мэриясынын тапшырмасы менен «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы жол жээгине кошумча бир тилке кошуу менен кеңейтүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэриянын сайтында айтылат.
Курулуш иштери Ч. Айтматов – Горький көчөлөрү, Байтик-Баатыр –Масалиев көчөлөрүнүн кесилиши (Түштүк магистраль) да жолду кеңейтүү тизмесине киргизилген.
Белгилей кетсек, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы 2022-жылга тротуарларды капиталдык оңдоонун титулдук тизмесине ылайык, Манас/Ч.Айтматов проспектиси Жибек-Жолу проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин өндүрүштүк планга киргизген. Учурда Л.Толстой көчөсүнөн баштап Ахунбаев көчөсүнө чейин асфальт төшөө үчүн бордюрларды орнотуу жана фундаментти даярдоо иштери жүрүп жатат.
«Ошондой эле жолдорго жана аялдамаларга бороон-чапкынды кабыл алуучу торлорду (ЖПР) орнотобуз», – деп айтылат билдирүүдө.

Читайте также: