Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлору соода объектилерин жана базарларды текшерүүнү баштады

Массалык тамак-аштан ууланууну алдын алуу максатында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлору соода объектилерин жана базарларды пландан тышкаркы текшерүүнү баштады.
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарына жооп бербеген жогоруда аталган кооптуу азыктарды жана башка каймак-кондитердик азыктарга текшерүү жүргүзүлүүдө. Дүкөндөрдөн же базарлардан тез бузулуучу, каймак жана кондитердик азыктарды сатып алууда.
Департамент коомчулуктун көңүлүн төмөнкү сактык чараларына бурат:
— жогоруда аталган коркунучтуу продуктуларды үй шартында сатып алуу жана сактоодо аны колдонбоо;
— бул продукцияны соода объектилеринде сатуу фактысы аныкталган учурда сатуудан алынгандыгы жөнүндө алардын ээлерине жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн аймактык органдарына билдирүүгө;
— тез бузулуучу, каймактуу кондитердик азыктарды стихиялуу соода жайларында, ошондой эле сактоо шарттарын сактабастан соода объектилеринде (муздаткычтын сыртында) сатып албаш керек.
Өзүңүздүн жана жакындарыңыздын ден соолугун сактаңыз!