Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы арзандап жатат

Кыргызстанда социалдык мааниге ээ товарлардын баасы турукташууда. Ал эми базарда товарга болгон эч кандай тартыктыш жок. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Алсак, башкармалыктын аймактык бөлүмдөрүнүн адистери тарабынан жүргүзүлгөн баалардын мониторингинин жыйынтыгында республика боюнча өсүмдүк майынын орточо баасы литрине 127 сомдон 145 сомго чейин өзгөрүп жатканы белгилүү болду. Шекер соода түйүндөрүндө 60 сомдон лоялдуулук карталары менен сатылат, базарларда анын баасы килограммы 80 сомго чейин жетет. Жергиликтүү өндүрүштөгү биринчи сорттогу ундун бир капы 1650 сом (50 кг) – килограммы 33 сом. Импорттук ундун сортуна жараша килограммы 35 сомдон 40 сомго чейин сатылууда.

Ошол эле учурда жаңы түшүмдүн пайда болушуна байланыштуу картошка, сабиз, пияз, капуста, помидор, бадыраңдын баасы төмөндөөдө.

Маалым болгондой, социалдык маанидеги товарлардын баасына мониторинг жүргүзүү менен бирге аталган кызматтын аймактык бөлүмдөрүнүн адистери сатуучуларга бардык сатуу чынжырында өсүмдүк майына жана кантка КНСти нөлгө түшүрүү зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишкен.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.