Кыргыз элчилиги Тажикстандын абактарындагы кыргыз жарандарынан кабар алды

Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги Тажик өлкөсүнүн абактарында отурган кыргызстандык жарандардан кабар алганын 9-майда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 6-7-май күндөрү элчиликтин кызматкерлери Дүйшөмбү, Вахдат шаарларындагы жана Явон районундагы абактарда отурган төрт кыргызстандык менен жолугуп, алардын ал-акыбалын сурап, укугун коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Ошондой эле тажик тараптын жардамы менен аларга Кыргызстандагы жакындары менен видео байланыш аркылуу сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берилди.

Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев Тажикстандын абактарында бүгүнкү күндө 13 кыргызстандык жаран бар экенин, алардын экөө эркинен өмүрүнүн аягына чейин ажыратылганын быйыл 6-апрелде Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айткан. Ал абакта отургандардын маселеси Тажикстандын башкы прокурору менен пландалып жаткан жолугушууда талкууланат деп билдирген.

Тажикстанда камалып отургандардын көбүнө чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланыштуу айыптар тагылган. Жакындары аларга айып негизсиз тагылганын айтып келишет. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.