Ирандын Президенти Сейед Эбрахим Раиса Президент Садыр Жапаровго эки өлкөүн ортосундагы түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына ббайланыштуу куттуктоо катын жолдоду

Иран Ислам Республикасынын Президенти Сейед Эбрахим Раиса Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо катын жолдоду.

«Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн жарыялоо эки элдин тарыхында жана маданиятына сиңген көп жылдык мамилелеринин жаңы этабын ачып, аларды болуп көрбөгөндөй жакындатты.

Маданий-цивилизациялык жалпылыктар, жалпы улуттук салттар-өз ара мамилелердин негизин түзгөн эбегейсиз байлык. Дипломатиялык мамилелердин отуз жылында Иран Ислам Республикасы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү үчүн олуттуу аракеттерди жасады. Эки өлкөнүн мамилелери маселелердин кеңири чөйрөсүн камтыйт, анын жыйынтыгында түрдүү- мамлекеттик, өкмөттүк жана жеке деңгээлдеги кызматташуу боюнча 120дан ашык документтерге кол коюлду.

Жогорку деңгээлдеги өз ара жолугушуулар жана үзгүлтүксүз өз ара консультациялар бардык багыттар боюнча мамилелерди мындан ары да кеңейтип, эки дос элдин ортосундагы байланышты чыңдоо боюнча негизги чараларды көрүүгө алып келери шексиз»,- деп айтылат куттуктоо катында.

Сейед Эбрахим Раиса Садыр Жапаровду Тегеранга келип кетүүгө чакырып, ага ден соолук жана ийгилик, ал эми Кыргыз Республикасынын элине бакубатчылык каалады.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.